Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Кеңешчи Жерүй жайгашкан районго аким болуудан баш тартты


Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси Жерүй алтын кени жайгашкан Талас районуна акимдикке талапкер болуудан баш тартты. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна облус башчысы Марат Мураталиев ырастады.

Буга чейин Марслатбек Шералиев Талас районуна аким болууга аракет кылып жатканын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыккан. Жергиликтүү активисттер анын бул кызматка көрсөтүлүшүн Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу сындап чыгышкан.

- Марс мага эле жардам берем деди. Буга чейин Интернетке чыгып кеткендиктен арданыптыр. Калганын өзүнөн сурап алгыла, - деди Мураталиев.

Райондун акими Бакыт Нуржанов башка ишке которулганына байланыштуу өткөн аптада өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

13 айыл өкмөттөн турган Талас району аймактагы эң чоң район. Калкынын саны 64 700 адам. (AlS)

XS
SM
MD
LG