Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Демократтар Трамп тууралуу чуулгандуу билдирүүнү иликтешет


Дональд Трамп жана Майкл Коэн.
Дональд Трамп жана Майкл Коэн.

АКШ Конгрессиндеги демократтар Buzzfeed News басылмасынын өлкө президенти Дональд Трамп тууралуу жазгандарын иликтешет.

Ал баяндамада Трамп өзүнүн мурдагы адвокаты Майкл Коэнге Москвадагы кыймылсыз мүлк долбоору тууралуу Конгрессте жалган маалымат берүүнү буйруганы айтылат.

Ак үй бул маалыматты жалган деп атап жатат, бирок демократ мыйзам чыгаруучулар баяндаманы чындыкка жакын деп атап, аны иликтөө өзгөчө мааниге ээ экенине көңүл бурууда.

“Бул маалымат негизсиз болушу мүмкүн, бирок эгер тастыкталса жалган күбө болууга түртүү, сот адилеттигине тоскоолдук кылуу катары бааланат” деди Өкүлдөр палатасынын чалгын комитетинин төрагасы Адам Шифф.

«Чын-төгүнүн аныкташ үчүн колдон келген бардык аракетибизди көрөбүз” деди ал.

17-январда BuzzFeed News басылмасы 2016-жылы президенттик шайлоо маалында Трамп Москвадагы долбоору тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча Коэнге конгрессмендерге калп маалымат берүүнү буйруганын жазып чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG