Кыргыз футболчулары үчүн тайпалык оюндар аяктаганы менен турнир уланууда. 16-январда “Ак шумкарлар” тайпадан үчүнчү орун менен кийинки финалдык бөлүккө чыгышты. “Арай көз чарай” берүүсү бүгүн мына ушул футбол темасын талкуулайт. Ага билим берүү боюнча менеджер Мирлан Эшенов жана Кыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы кызматкери Базарбек Абдураимов катышты.