Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган өкмөт мүчөлөрү ушул тапта Жогорку Кеңеште жаңы кодекстердин иши тууралуу маалымат берип жатышат. Айрым депутаттар кодекстердин ишин жергиликтүү бийлик, күч кызматтары жана башка тиешелүү органдар канчалык билерине, алар кантип ишке ашырыларына кызыгышты.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев "Кодекстерди ишке киргизүү боюнча даярдык жок болсо, өкмөт өзүнө кандай баа берет?" деген суроо койду. Ал эми вице-премьер-министр кодекстерди ишке ашыруу боюнча жер-жерлерде иштер аткарылганын маалымдады.
Бакыт Төрөбаев жаңы кодекстеги 129-134-беренелер боюнча Транспорт министрлигинин өкүлүнө кайрылып, жооп ала алган жок. Ушундан улам, бир катар депутаттар өкмөт мүчөлөрүн парламент жыйынына даярдыксыз келгени үчүн айыпташты.
Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү аталган күч органдарынын кызматкерлери жаңы кодекстер менен толук таанышып, атайын окуулардан өтүп, аягында сынак тапшырышканын кошумчалашты. (ZKo)