Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Прокурордун өлүмүнө шектүүнүн жакындары мыйзам бузуу болгонун айтып чыгышты


(Оңдон солго) катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынган.
(Оңдон солго) катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынган.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүү боюнча шек саналып жаткан Мелис Калыковдун жакындары сотто мыйзам бузулганын айтып чыгышты.

Баткен райондук сотунда Мелис Калыковдун арызы 15-январда анын катышуусуз каралган. Шектүүнүн эжеси Дарика Калыкова муну менен мыйзам бузулганын, сот актоочу тараптын айткандарын эске албай жатканын, ишти караган судьянын кеңешүү бөлмөсүнө чоочун адамдар киргенин "Азаттыкка" билдирди. Баткен облустук соту бул айтылгандарды четке какты.

Мелис Калыковдун адвокаты былтыр 17-ноябрда, прокурор өлтүрүлгөн күнү шектүүнү кармоо мыйзамсыз болгонун жана анын жактоочуга болгон укугу чектелгенин айтып, сотко арыз жазган.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында.

XS
SM
MD
LG