Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия кубогунда Кыргызстан менен Филиппиндин командаларынын оюнунун биринчи бөлүгү аяктады. Ушул мүнөттөрдө командалар 15 мүнөттүк тыныгууга кетишти.
Азырынча Кыргызстан 1:0 эсебинде алдыда келе жатат. Жалгыз голдун автору 23-мүнөттө Виталий Люкс болду.
Оюн дээрлик тең даражада жүрүп жатат. Алгачкы 45 мүнөттө Кыргызстан футболчулары топтун 49 пайыз бөлүгүнө ээлик кылса, Филиппин командасыныкы 51 пайызды түздү.
Ал эми чабуул жактан «ак шумкарлар» курчтугун көрсөтүүдө. Ушул мүнөттөрдө Кыргызстан Филиппиндин дарбазасына беш жолу топ узатса, атаандаштар бир да жолу Кутман Кадырбековдун дарбазасына топ тебе элек.
Эки команда тең экиден сары айып кагазын алганга жетишти. Ал эми бурчтан көтөрүп берүүдө Кыргызстан төрт жолу, Филиппин бир ирет топту оюнга киргизишти.
Азия кубогунун алкагындагы Кыргызстан жана Филиппин курама командаларынын оюну Дубайдагы "Рашид" стадионунда өтүп жатат.
Азырынча «С» тайпасында Кытай менен Кореяда алтыдан упай бар. Ал эми Филиппин менен Кыргызстанда упайлары жок. Бүгүнкү оюнда Кыргызстан жеңишке жетсе, алгачкы үч упайга ээ болуу менен тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү жогорулайт. (SDz)