Черногориянын борбору Подгорицанын соту Йово Мартиновичти "баңгизат аткезчилигине аралашкан, кылмыштуу топко кошулган" деген айып менен бир жарым жылга абакка кести.
Өлкөсүндөгү кылмыш иштери тууралуу жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарына жазып жүргөн Мартинович өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, сот чечимин аны журналисттик ишмердиги үчүн жазалоо деп эсептөөдө.
Баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюму сот чечимин Евробиримдикке кирүүгө умтулуп жаткан өлкөдөгү “басма сөз эркиндиги үчүн кооптондурган сокку” деп мүнөздөдү.
Ал эми Журналисттерди коргоо боюнча Нью-Йорктогу комитет калемгердин соттолушун “үрөй учурган адилетсиздик” деп атап, мунун “Черногориядагы басма сөз эркиндигине оор кесепети тиерин” белгиледи.
"French TV" продакшн компаниясы үчүн Балкан чөлкөмүндөгү курал аткезчилиги боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп келген Мартинович 2015-жылы октябрда камакка алынган. Шарттуу бошотулганга чейин тергөө абагында он беш ай олтурган. Ал эми сот чечимин апелляцияга берерин билдирүүдө. (UE)