Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефондон сүйлөштү.
Мамлекет башчысы 16-январда өтө турган Кыргызстан менен Филиппиндин футболчуларынын беттешинин алдында аларга ийгилик каалап, кыргыз командасынын Азия Кубогуна катышып жатканы — быйылкы жылдагы эң чоң спорттук окуялардын бири экенин белгиледи.
«Биздин футболдук команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионатка катышып жатат. Командага айтып коюңуз, ар бир кыргызстандык сыяктуу мен да биздин команданын күйөрманымын жана сиздердин жеңишке жетишиңерди каалайм. Алдыда дагы бир матч турат, ал абдан маанилүү. Биз командабызга чын ниеттен ишенебиз!», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Азия кубогу Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жатат. Беттештер 5-январда башталган, 1-февралда бүтөт. (SDz)