Ирандын телекоммуникация министри Мохаммад Жавад Азари-Жахроми өлкөнүн космоско учурулган жандоочу максатына жетпей калганын билдирди. Мурдараак АКШ Иранды мындай ишмердиктен алыс болууга чакырган, бирок Тегеран ага көңүл бурган эмес.
Ушул айдын башында Вашингтон Тегерандан пландалган үч ракетаны учурбоону талап кылып, бул Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуу болуп саналарын эскерткен.
АКШ космоско жандоочту алып чыгуучу, орто аралыкка учкан баллистикалык ракеталар дүрмөт ташууга да жөндөмдүү деп эсептейт.
Министр Азари-Жахроми белгилегендей, «Паям» аттуу жандооч «керектүү ылдамдыкты ала албай», асманга көтөрүлгөндөн кийин кыйрап калган. Бул тууралуу министрликтин сайтына чыккан маалыматта да айтылат.
Ирандын төрт камера менен жабдылган жандоочу космостон сүрөт тартууга жана коммуникациялык байланышка багытталган.