Бүгүн Баткен райондук сотунда Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган Мелис Калыковдун арызы каралууда, бирок шектүү өзү соттук отурумга катышкан жок. Бул тууралуу "Азаттыктын" Баткендеги кабарчысы кабарлады.
Мелис Калыковдун адвокаты 2018-жылдын 17-ноябрында шектүүнү кармоо мыйзамсыз ишке ашырылганын айтып, анын жактоочуга болгон укугу чектелгенин айтып сотко арыз жазган.
Шектүү Мелис Калыков өзү учурда Ош шаарында кармалып тургандыктан аны Баткенге алып келбей эле сот башталып жатканын анын эжеси Дарика Калыкова "Азаттыкка" билдирди.
Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп, сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. (JsA/KR)