16-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр аралаш кар жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңун чыгышында бурганак болушу мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар.
Абанын темпертурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...10, күндүз 0...5,
Нарын аймагында түнкүсүн -18...-23, күндүз -8...-13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24...-29, күндүз -11...-16 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр аралаш кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 …-2, күндүз 4…6 градус болот.