Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

АКШнын Катардагы базасын кеңейтүү боюнча меморандумга кол коюлду


Майк Помпео.
Майк Помпео.

Эл-Удейддеги авиа базаны кеңейтүү жана жаңылоо боюнча меморандумга АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун сапарынын алкагында Катардын борбору Дохада кол коюлду.

Учурда базада Сириядагы, Ирактагы, Ооганстандагы операцияларга жооп берген америкалык куралдуу күчтөрдүн борбордук командачылыгы жана он миңге жакын аскер жайгашкан.

Помпео Катарды жана Перс булуңундагы башка мамлекеттерди өз ара пикир келишпестигин тезирээк жөнгө салууга чакырып, "жалпы максаты бар өлкөлөрдүн ортосундагы талаш-тартыш эч качан ийгилик алып келбейт" деп айтты.

Сауд Арабиясы 2017-жылы Катарды "террорчулукту колдойт" деп айыптап, дипломатиялык мамилени үзгөн. Чөлкөмдөгү бир катар мамлекеттер да Эр-Рияддын кадамын кайталаган. Ал эми Түркия менен Иран Катарды колдогон.

Майк Помпео Жакынкы Чыгышты кыдырып жүрөт. Өз сапарында ал он мамлекетке барат. Мамлекеттик катчы Катардан кийин Сауд Арабиясына жол тартты. Ал Саудиянын мураскер канзаадасы Мухаммед менен сүйлөшүүдө журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселесин көтөрө турганын айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейин бул кылмышты айыптап, бирок Сауд Арабиясы Американын стратегиялык өнөктөшү бойдон каларын белгилеген.

XS
SM
MD
LG