Ирандын чалгын кызматтарына жана эки жаранына каршы санкциялар 8-январда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынында жактырылды.
Ирандыктар "Дания менен Францияда кол салуу пландаган" деп айыпталгандан кийин ушундай чара көрүлүүдө.
Буга чейин Франция менен Даниянын дипломаттары "ирандыктар пландаган" деген кол салуулар боюнча европалык кесиптештерине декабрь айында маалымат беришкен.
Маселен, Франция тарап Иранды "сүргүндөгү ирандык оппозициячыл топтордун жыйыны өткөн жерде жардыруу жасоону көздөгөн" деп айыптаган.
Ага чейин октябрь айында Даниянын полициясы Тегеранды "сүргүндөгү ирандык оппозициячыл топтордун өкүлдөрүн өлтүрүүнү пландаган" деп айыптаган.
Франция Ирандын коопсуздук кызматына жана эки жаранына каршы өз тарабынан да санкция киргизген.
Евробиримдик санкция салган мекеме-уюмдар менен жеке адамдар кара тизмеге киргизилип, алардын биримдик аймагында активдери болсо тоңдурулат. (UE)