Кыргызстандагы Париж
Кыргызстандыктарга Парижге баруу үчүн шенген визасын ачып, учакка акча коротуунун кереги жок. 25 жыл мурун өлкөнүн өзүнүн Парижи пайда болгон. Кыргызстандагы Париж - Суусамыр жайлоосунда, Ош-Бишкек жолунун боюнда жайгашкан. Чакан соода борборлору, машине оңдоочу жайлар, мейманкалар жана мечит бар. Бул жерде соода кылгандар Париж калктуу пункт катары таанылса деп тилешет.