Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:21

Саудиялык качкын Таиланддын аэропортунан чыгып кетти


Рахаф Мухаммед Алкунун.
Рахаф Мухаммед Алкунун.

Бир суткадан бери Баңкоктогу мейманканада бекинип отурган 18 жаштагы саудиялык Рахаф Мухаммед Алкунун Кувейтке барбаш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттигинин өкүлдөрүнүн коштоосунда аэропорттон чыгып кетти.

Австралиядан башкалка сураган Алкунун 5-январдан тартып "Twitter" баракчасы аркылуу жардам сурап жаза баштаган. Ал Кувейттен Баңкокко учуп келгенден кийин анын паспортун алып коюшканын айтып арызданган. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттигинен жардам сураган.

Таиланддын иммиграциялык полициясынын кол башчысы, подполковник Сурачет Хакпал Баңкоктон алыс эмес жерде басма сөз жыйынын өткөрдү.

- Биз аны менен сүйлөшөбүз жана ал эмнени сураса ошону жасайбыз. Ал жагымсыз жагдайдан улам бизден жардам күтүп, качып келди. Биз эч кимди өлүмгө жөнөтпөйбүз. Биз адам укуктарын жана мыйзамды баарынан жогору коебуз, - деди ал.

“Хьюман Райтс Уотч” уюму билдиргендей, Рахаф үйүндө такай зордук-зомбулукка кабылган, эркек туугандары аны “өлтүрүп коёбуз” деп коркутушкан. Чачын кыскарткандан кийин алар алты ай бою аны бөлмөсүнөн чыгарбай камап салышкан.

XS
SM
MD
LG