Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чылым тартууга тыюу салынган жайлардын тизмеси чыкты.

Белгилүү болгондой, 1-январдан тартып Кыргызстанда “Мыйзам бузуулар боюнча кодекс” күчүнө кирди.

Ага ылайык, билим берүүчү бардык жайларда, балдар эс алуучу менчик жана коомдук жайларда, саламаттыкты сактоого тийиштүү, өрт чыгуу коркунучу бар бардык жерлерде чылым чеккен болбойт жана буга май куюучу станциялар да кирет.

Китепкана, көргөзмө зал, аудитория, чоң жана маршруттук автобус, такси, учак, кеме, поезд, лифт, калкты тейлөө жайлары, үйлөрдүн кире бериштери, жергиликтүү жана мамлекеттик мекемелер жайгашкан имараттар, чылым тартууга атайын бөлмөсү жок коомдук тамактануучу жайлар да тамеки тартууга тыюу салынган жерлердин тизмесине кирди.

Кальян, ысытылган тамекинин түрлөрүн атайын уруксат берилген жайларда гана чексе болот.

Тыюу салынган жерлерде тамеки тарткан адамдарга 1 миң сом, мекемелерге 5 миң сом айып пул салынат. (BCh)

XS
SM
MD
LG