Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Жаңы Зеландиянын тургундары Жаңы жылды тосту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө эли Жаңы жылды тосо баштады. Эң биринчилерден болуп 2019-жылды Жаңы Зеландиянын тургундары тосту.

Салют шаардагы белгилүү жайлардын бири, эң бийик "Sky Tower" телемунарасынан аттырылды. Ал жерге миңдеген адамдар чогулду.

Жаңы жылды алгач Тынч океандагы Самоа жана Токелау аралдары тоссо, АКШнын Ниуэ, Мидуэй аралдары эски жылды эң акыркылардан болуп узатат.

Жаӊы жыл – дүйнөнүн көптөгөн элдери, анын ичинде кыргызстандыктар да белгилеген майрам. Жыл сайын 31-декабрдан 1-январга оогон түнү ар бир өлкө Жаңы жылды ар кандай оюн-зооктор менен белгилешет. Адатта бул күнү балаты кооздоп, улуттук тамактарды даярдап, үй-бүлөлөр жана дос-туугандар кече уюштурушат.

XS
SM
MD
LG