Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:11

Москвада АКШнын жараны тыңчылык боюнча шектүү катары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы АКШнын жараны Пол Уиланды тыңчылык боюнча шектүү катары кармады. Ал 28-декабрда колго түшүрүлгөнү кабарланган, бирок ФСБ бул тууралуу үч күндөн кийин гана маалымат таратты. Кошмо Штаттардын Москвадагы элчилиги америкалык жарандын кармалышы боюнча азырынча комментарий бере элек.

ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча, Пол Уиландын күнөөсү далилденсе, ал 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Москва менен Вашингтондун алакасы бир катар эл аралык жана аймактык маселелерге, анын ичинде Сириядагы согушка, Украинанын чыгышындагы абалга, орусиялык мурдагы агент Сергей Скрипалдын Британияда ууландырылышына байланыштуу чыңалып турат.

Өткөн айда Керч кысыгындагы жаңжалда 24 украин жаранын Орусия кармап кеткенине байланыштуу Дональд Трамп Владимир Путин менен ноябрдын акырына белгиленген жолугушуусунан баш тарткан.

Орусиянын лидери АКШ президенти Дональд Трампка жөнөткөн жаңы жылдык куттуктоосунда Москва диалогго ачык экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG