Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Сириянын күчтөрү Манбиж шаарына кирип барышты


Манбиж шаарынын чет-жакасы.
Манбиж шаарынын чет-жакасы.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү соңку алты жылдан бери биринчи жолу өлкө түндүгүндөгү күрт кошуундарынын көзөмөлүндө турган Манбиж шаарына киришти. Буга күрт күчтөрү Түркиянын болжолдуу аскердик операциясынан сактаныш үчүн расмий Дамасктан жардам сурап кайрылганы негиз катары көрсөтүлдү.

АКШ колдоо көрсөткөн "Сириянын демократиялык күчтөрү" (SDF) жана күрттөрдүн "Элдик коргонуу кошууну" (YPG) 2016-жылы Манбиж шаарын "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунан бошоткон.

Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн Манбижге киргенин Орусия кубаттады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул аракет "кырдаалды туруктуу кармоого көмөкчү болоорун" айтты.

21-декабрда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өз өлкөсү Америка колдогон күрт кошуундарын жана "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун Сириядан сүрүп чыгараарын билдирген. Ага чейин Эрдоган Түркия Сириянын түндүгүндөгү Эвфрат дарыясынын чыгыш тарабындагы күрт кошуундарына каршы жаңы операциясын баштай турганын жарыялаган.

Сириядагы соңку өзгөрүүлөр АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөдөн чыгып кетерин жарыялагандан кийин болуп жатат.

XS
SM
MD
LG