Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Кулматовдун иши азырынча сотко өтпөй турган болду


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовду мектептин курулушуна байланыштуу иш боюнча тергөө абагында кармоо мөөнөтүн келерки жылдын 31-январына чейин узартты. Бул тууралуу бүгүн 28-январда “Азаттыкка” анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

- Жактоочулар иштин материалдары менен таанышып алышы үчүн тергөө мөөнөтү жана Кулматовду тергөө абагында кармоонун убактысы 2019-жылдын 31-январына чейин узартылды. Иш сотко өтө элек.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматовго эки кылмыш иши боюнча айып тагылган. Биринчиси баш калаада мектеп курууга жумшалган 2 миллион долларды пайдалануудагы жемкорлукка, ал эми экинчиси паспорт жана жарандык маселесине байланыштуу болгон. Экинчи иши боюнча арыз кайра чакыртып алынганы кабарланган.

Жогорку соттун соттук коллегиясы 27-декабрда Кулматовду 31-декабрга чейин абакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун токтомун жана шаардык соттун аныктамасын күчүндө калтырган. Ошол эле күнү райондук сотто тергөө мөөнөтүн узартуу маселеси каралган.

Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү ("Коррупция") боюнча иш козгогон УКМК тергөө 17-декабрда аяктаганын кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG