Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Ооганстан: президенттик шайлоо июнга жылдырылышы мүмкүн


Октябрь айындагы парламенттик шайлоо, Кандагар, 27-октябрь 2018-жыл.
Октябрь айындагы парламенттик шайлоо, Кандагар, 27-октябрь 2018-жыл.

Ооганстандын шайлоо маселелерин тескеген мекемелери 2019-жылдын апрель айына белгиленген президенттик шайлоону кийинкиге жылдырууну караштырып жатат. Буга каттоо жана добуш берүүнү уюштуруу иштери убагында бүтпөй жатканы себеп болгонун өлкөнүн Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Заби Садат 27-декабрда "Азаттыктын" ооган редакциясына билдирди.

Ал тиешелүү тараптар добуш берүүнү июнь айында өткөрүү маселесин талкуулап жатканын белгилеп, Көз карандысыз шайлоо комиссиясы акыркы чечимин бүгүн жарыялай турганын кошумчалады.

Шайлоого талапкерлерди каттоо 22-декабрда башталып, 2-январда аякташы керек эле. Бирок азырынча эч бир талапкер каттоодон өтүү ниетин билдирбегени үчүн бул мөөнөт узартылганы жатат.

Мындан тышкары Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясы октябрь айындагы парламенттик шайлоо учурунда катталган техникалык жана логистикалык маселелердин бул жолу алдын алууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG