Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:37

БШК: Коргонбай уулу орус паспорту менен төрт жолу чек арадан өткөн


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Борбордук шайлоо комиссиясы орус жарандыгы үчүн мандатынан ажыратылган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун арызын карап, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коргонбай уулу Орусиянын паспорту менен төрт жолу кыргыз чек арасынан өткөнүн билдирди. Анын айтымында, Чек ара кызматы бул маалыматтарды тастыктаган.

Аймактык шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын алганы аныкталганын билдирип, 19-декабрда аны мандатынан ажыраткан.

Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын албаганын билдирип, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жана мандатты кайтаруу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган. Маселе оңунан чечилбесе сотко арыздана турганын “Азаттыкка” билдирген.

Кыргызстанда чет мамлекеттин жарандыгын алган аткаминерлер маселеси буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башка жетекчилерге байланыштуу да көтөрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG