Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Казакстанда катуу сууктан жүргүнчүлөр эвакуацияланды


Акмоло облусу картада.
Акмоло облусу картада.

Казакстандын Акмоло облусунда катуу сууктун айынан автобуста кетип бараткан жүргүнчүлөр эвакуацияланып, жардам алды.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Петропавловск – Сарыагаш каттамындагы автобустагылар куткаруучуларга кайрылып, жардам сурашкан. Ичиндеги 53 жүргүнчүнүн көбү Өзбекстандын жараны экени аныкталды. Алар Бурабай районундагы орто мектептердин бирине убактылуу жайгаштырылган. Эч ким жабыркаган жок.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги өткөн аптада аба ырайына байланыштуу эскертүү тараткан. Анда “Акмоло облусунун түштүгүндө түнкүсүн суук -33гө, Карагандада -35, ал эми Чыгыш-Казакстан облусунда -38 градуска жетет. Ошондуктан Казакстандын аймагы аркылуу автомашина менен жолго чыкпай турган туура” деп айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG