Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши токтотулду. Шыкмаматовдун “Азаттыкка” айтканы боюнча, буга байланыштуу УКМКнын токтому чыкты.
- Иш расмий түрдө токтотулду. "Кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу иш токтотулсун" деп тергөө органдары атайын токтом чыгарышты. Аны менен расмий тааныштырышты, - деди ал.
Шыкмаматовдун айтымында, ишти токтотуу боюнча токтом 20-декабрда чыккан.
Алмамбет Шыкмаматовго 2016-жылдын декабрында кылмыш иши козголгон. Ага "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп, аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деген айып коюлган. "Ата Мекендин" өкүлү менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге да кылмыш иши козголгон.
Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, акыры былтыр декабрда айыпталуучуларды күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде Шыкмаматовго 5 миллион сом айыппул салса, Иманалиев 10 жылга кесилген. Ал эми Юкселге карата кылмыш иши кыскартылган.
Быйыл июнда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, эл өкүлүнө байланыштуу ишти кайра тергөөгө жөнөткөн болчу. (КЕ)