Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отуруму эки депутаттын катышуусу жана үч ишеним кат менен башталды. Жарым саат өткөн соң жыйынга дагы эки депутат келип катышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" жыйынга барган журналисттер кабарлашты.
Аталган комитеттин күн тартибиндеги “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” токтомго өзгөртүү киргизүү маселеси даяр эмес болгондуктан кийинкиге жылдырылган. Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев сунуш кылган билим берүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Буга чейин Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы түштөн кийинки отуруму кворумдун жоктугуна байланыштуу 40 мүнөткө кеч башталып, кечиккен депутаттар сынга кабылып, алардын ишке болгон мамилеси талкууга түшкөн.
Эл өкүлдөрү жалпы жыйындарга, комитеттердин отурумдарына катышпай, анын айынан кворум болбой калган учурлар маал-маалы менен болуп турат. (KR)