Британ полициясы “Гэтвик” аэропортунда дрон чатагына шектүү эки кишини кармады. Кармалгандар тууралуу толугураак маалымат айтыла элек. Полиция окуя кайта кайталанбашы үчүн аракет көрүп жатат жана учкучсуз аппаратка байланыштуу маалыматы барлар тез арада кабар беришин суранды.
Лондондун "Гэтвик" аэропортун дрондор каптаган окуядан кийин аба каттамдары жума күнү жанданган. Британ баш калаасындагы экинчи ири аэропорт 21-декабрдагы билдирүүсүндө азыр учуу тилкелери чектелүү сандагы каттамдар үчүн кайра ачылганын маалымдады.
Бирок аба майданынын жетекчилиги айрым каттамдар кечигип же токтоп калышы мүмкүн экенин эскертип, жүргүнчүлөрдү аэропортко келерден мурда каттамдардын статусун текшерип алууга чакырды.
19-декабрдын кечинен тартып 50дөн ашык чакан дрондор "Гэтвик" аэропортуна учуп келип, учак каттамдарын үзгүлтүккө учураткан. Натыйжада жетекчилик учуу тилкелерин жабууга аргасыз болгон.
"Гэтвик" кышкы майрамдар маалында күнүнө 115 миң жүргүнчүнү тейлейт.