Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:28

Исаков: менин процессимдин артында Сооронбай Жээнбеков турат


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков өзүнө карата козголгон кылмыш иштеринин, соттук териштирүүлөрдүн артында президент Соронбай Жээнбеков турат деп эсептейт. Исаков бул тууралуу 18-декабрда Бишкек шаардык сотунда өзүнүн бөгөт чарасы каралган учурда айткан. Анын сөзүн текст түрүндө Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) таратты. Ошондой эле "Апрель" телеканалы соттон жазылып алынган аудиону жарыялады.

"Мен бул процесстердин артында президенттин аппараты турганын жана ал сиздин дем алганыңызды, ар бир сөзүңүздү көзөмөлдөп турганын айткым келет. Урматтуу сот, сиз муну жакшы билесиз. Бул жерде органдардын өкүлдөрү отурушат. Ошондуктан мунун артында менин процессимди жеке көзөмөлүнө алган Сооронбай Жээнбеков турганын айтып кетем. Муну ага айтып коюңуздар, өз өлкөм үчүн ак иштегенимди ал өзү да эң сонун билет", деди Исаков.

Сапар Исаков саясий куугунтукка кабылганын, премьер-министр болуп турган кезинде УКМКда, сотто болуп жаткан мыйзамсыз иштерден кабарсыз болгонуна өкүнөрүн да белгилеген.

Ал Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталып, быйыл 5-июнда камакка алынган.

18-декабрда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун Исаковдун камактагы мөөнөтүн 2019-жылдын 5-январына чейин узартуу тууралуу чечимин күчүндө калтырган.

Сапар Исаковдун соттогу билдирүүсүн УКМК "коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп, актануу" деп сыпаттады.

Атайын кызмат Сапар Исаковдун ЖЭБди оңдоодогу коррупциялык иштерден тышкары башка да мыйзам бузган учурлары иликтенип жатканын билдирди. Бирок ал кайсы фактылар экенин ачык айткан жок.

Президенттик аппарат Сапар Исаковдун бул айткандары тууралуу комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG