Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

АКШ менен “Талибандын” өкүлдөрү жолугат


"Талибандын" согушкерлери. 1996-жылы тартылган сүрөт.
"Талибандын" согушкерлери. 1996-жылы тартылган сүрөт.

Бул тууралуу “Талибан” кыймылы билдирди. Анын маалыматына караганда, АКШнын өкүлдөрү менен “дагы бир” жолугушуу Бириккен Араб Эмираттарында бүгүн өткөнү турат.

“Талибандын” өкүлү Забихулла Мужахиддин айтымында, жолугушууга Саудиянын, Пакистандын, Бириккен Араб Эмираттарынын расмий адамдары да катышмакчы. Расмий Вашингтон “Талибан” менен буга чейин болгон жолугушууларды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес. Бирок “Талибан” өткөн айда да алардын саясий кеңсеси бар Катар өлкөсүндө Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад үч ирет сүйлөшүү өткөргөнүн жарыялаган.

Халилзад өзү анда Ооганстандагы жаңжалга тиешеси бар тараптардын баары менен кездешип жатканын гана айткан. Бирок ал өткөн айда Кабулда болгон учурунда ооган президенти Ашраф Ганини “Талибан” менен сүйлөшүү жүргүзүүчү топ түзүүгө чакырган.

Ашраф Гани ушул айдын башында Бириккен Улуттар Уюмундагы жыйында “Талибан” менен сүйлөшүүнүн “жол картасы” иштелип чыгып, он эки кишиден турган топ түзүлгөнүн да кошумчалаган.

Сүйлөшүү жүргүзүү аракеттерине жана чакырыктарына карабай Ооганстандагы чабуулдар менен уруштарда азырынча тыным боло элек. (UE)

XS
SM
MD
LG