Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Кытай компаниясы Бишкекке 72 миң долларлык 60 автобус алып келет


Жаратылыш газы менен жүрө турган Yutong ZK 6108 HGH үлгүсүндөгү автобустар.
Жаратылыш газы менен жүрө турган Yutong ZK 6108 HGH үлгүсүндөгү автобустар.

Кытайлык ZHENGZHOU YUTONGBUS CO., LTD компаниясы газ менен жүрө турган 60 автобусту сатып алуу боюнча тендерди утуп алды.

Бишкек шаарынын мэриясы кабарлагандай, компания 301,2 миллион сомдук сумманы сунуштаган. Тендердин шартына ылайык автобустардын бааларынын жалпы суммасы 382 миллион сомдон ашпашы керек болгон.

Yutong ZK 6108 HGH үлгүсүндөгү автобустар метан газы менен иштейт. Мэрия мындай автобустарды киргизүү шаардын экологиясына оң таасирин тийгизет деген ойдо.

Автобустар бардык келишимдерге кол коюлгандан кийин 90 күн ичинде алынып келиниши керек. Бир автобустун баасы 72 миң долларды түзөт.

Үнөмдөлгөн каражатка дагы тогуз автобусту сатып алса болорун айткан мэрия, шаарда эми 69 жаңы автобус жүрүп каларын кабарлады.

Тендерге жалпысынан сегиз компания катышкан:

  1. «Русские Автобусы - Группа Газ» 455,6 миллион сом сунуштаган;
  2. Liaoning Huanghai Automobile Imp/Exp Co., LTD – 288,3 миллион сом сунуштаган;
  3. «Автомобиль технологияларынын бээжиндик компаниясы Хэнтянь Синьнэн» - 291,2 миллион сом;
  4. Beiqi Foton motor Co.,Ltd – 368,8 миллион сом;
  5. ZHENGZHOUYUTONGBUSCO., LTD – 301 миллион 273,7 миң сом;
  6. «РариТЭК» заводу - 386,7 миллион сом;
  7. «Aman Roud» ЖЧК - 371,9 миллион сом;
  8. «ДТ Техник» ЖЧК - 371,7 миллион сом.

XS
SM
MD
LG