Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:57

Фарид Ниязов: Журналисттерге коюлган доолор сөз эркиндигинин өнүгүү этабы


(солдон оңго) Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев жана анын кеңешчиси Фарид Ниязов.
(солдон оңго) Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев жана анын кеңешчиси Фарид Ниязов.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов "ResPublica" маалымат агенттигине маек курду.

Ал Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу сүйлөп жатып, өткөн жылдагы маалымат каражаттарына берилген миллион сомдук доо арыздарды өнүгүүнүн бир этабы катары сыпаттады.

- Сөз эркиндиги бир жыл ичинде өзгөргөн эмес жана өзгөрө деле албайт. Биздин журналисттер жетиштүү деңгээлде эркин жана дасыккан. Өткөн жылдардагы миллион сомдук доолор канчалык катуу угулбасын, муну өнүгүүнүн этабы деп айтсак болот. Журналисттер жарыялап жаткан материалдарына дыкат мамиле кылып калышты. Өздүк цензуранын пайдалуу жактары да бар.

Өткөн жылы Башкы прокуратура андагы президент Алмазбек Атамбаевдин намысына шек келтирди деген жүйө менен бир катар маалымат каражаттарына айып таккан. ​

Октябрь райондук соту "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер: Нарын Айып 9 миллион, Дина Маслова 3 миллион, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул чечимди шаардык жана Жогорку сот күчүндө калтырган.

Бул иштер бардык соттук инстанциялардан каралып бүтүп, өкүм аткарыла баштаганда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жакупова менен Идиновдон өзүнүн материалдык доосун чакыртып алган. (KR)

XS
SM
MD
LG