Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Президент Манас жана Айтматов академиясы түзүлөрүн айтты


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Бүгүн, 12-декабрь Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өтүп жатат.

Ага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү катышууда. Жээнбеков мааракеде сүйлөп жатып, Манас жана Айтматов академиясын түзүү боюнча демигени колдой турган айтты.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.

Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси болуп иштеп келди. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган.

Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG