Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:11

Өзбекстанда милиционерлер Куран кармап ант беришти


Өткөн жумада Ташкент облусундагы Жогорку Чырчык районунун ички иштер бөлүмүндө иштегендер Куран кармап, пара албоого, алдамчылык кылбоого ант беришти. Социалдык тармактарга аталган райондун милициясынын кеңсесиндеги ант берүү аземинде тартылган сүрөт тарады.

Жогорку Чырчык ИИБда иштеген, жазалануудан чочулап атын атагысы келбеген кызматкердин "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиргенине караганда, ант берүү райондун имамынын катышуусунда өттү:

- Жеке курамдагы ар бир кызматкер Курандын өзбек тилиндеги нускасын кармап, жемкорлук жана алдамчылык кылбоого ант беришти, - деген ал.

Аталган райондук милициянын нөөмөтчүсү болсо бул жаатта маалымат алуу үчүн жетекчиликке кайрылуу керектигин белгиледи. Райондун имамы комментарий берүүдөн баш тартты. Өзбекстандын Ички иштер академиясында иштеген окутуучунун айтымында, Куран кармап ант берүү жогору жактын буйругу эмес, райондук милициянын жетекчилигинин демилгеси болушу ыктымал.

Ноябрдан бери Өзбекстанда фермерлер, дарыгерлер, салык жана бажы кызматкерлери жапырт ант берип жатышат.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинде иштеген аткаминердин "Азаттыктын" өзбек кызматына берген маалыматына караганда, мындай ант берүү аземдери президенттин 2017-жылдын 2-февралында кол койгон "Коррупцияга каршы күрөш жөнүндөгү мыйзамдын эрежелерин ишке ашыруу тууралуу" жарлыгын жайылтуу жана аткаруу боюнча мамлекеттик программанын алкагында өтүп жатат.

Ноябрда Самарканддагы айрым райондордо дарыгерлер президентке, мамлекетке жана элге ант берген. Бирок бул кабар таркагандан кийин Самарканд облустук акимчилиги андай ант берүү аземдерин токтотууга буйрук берген.

2018-жылдын май айында "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" мыйзам долбоору талкууга коюлган. Анын 55-беренесинде мамлекеттик кызматка келген адам адал иштөөгө, мыйзамды бузбоого ант бериши кажет. Анттын тексти кызматкердин иш папкасында сакталат.

XS
SM
MD
LG