Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:19

Майлуу-Сууда аялдар лидерликти жана ишкердикти үйрөнүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" уюму Майлуу-Суу шаарында жергиликтүү аялдарды лидерлик сапатты өнүктүрүү жана чакан ишкерликти үйрөнүү багытында окутуп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюмдун төрайымынын орун басары Аида Байжуманова билдирди.

- Эки күндөн бери шаардагы ишкер аялдарды чогулуп окутуп жатабыз. "Аялдардын ийгиликтери үчүн тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр" долбоорунун алкагындагы окутууга 30га чукул тургун келди. Алардын ичинен чакан бизнес жүргүзүүгө дилгир аялдар менен иштешип, аларды өнүктүрүүгө көмөктөшөбүз.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" уюму өткөн айда Миң-Куштагы жергиликтүү аялдарды да ушул багытта окуткан. Долбоордо алыскы жана көңүл сыртында калган аймак катары Миң-Куш жана Майлуу-Суу шаарлары тандалып алынган. (RsK)

XS
SM
MD
LG