Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

АКШ ракеталык келишимден чыгуу боюнча Орусияга расмий кат жөнөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Вашингтон эгер Москва Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашуунун талаптарын сактабаса, Кошмо Штаттар андан чыга турганын расмий кабарлады. Тышкы иштер министрлинин басма сөз катчысы Мария Захарованын 5-декабрда айтканына караганда, маалыматта Орусия келишимдин шарттарын бузуп жатканы айтылып, бирок далилдер көрсөтүлгөн эмес.

Захарова Орусия келишимди урматтап, аны эл аралык коопсуздуктун маанилүү келишими деп эсептей тургандыгын кошумчалады.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов да 5-декабрда Москва чет элдик аскердик атташелер менен жолугуп, "Кошмо Штаттардын келишимден чыгышы Европадагы коопсуздукка эле эмес, жалпы дүйнөдөгү коопсуздукка да тескери таасир этерин" айтты.

Бир күн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Брюсселде эгер Москва келишимдин шарттарын бузган ракеталарын 60 күндүн ичинде жок кылбаса, анда Вашингтон андан чыга турганын эскерткен. НАТОнун тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсүндө "Орусиянын 9M729 ракеталык системасын иштеп чыгып, колдонууга бергени келишимдин шартын бузат жана жалпы евроатлантикалык коопсуздукка коркунуч жаратат" деп айтылат.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган. АКШ “кансыз согуш” доорунан калган келишимден чыгарын биринчи жолу ноябрь айында жарыялаган.

XS
SM
MD
LG