Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

"Шереметьево" аба майданына Александр Пушкиндин аты коюлат


"Шереметьево" аба майданынан учуп чыккан учак.
"Шереметьево" аба майданынан учуп чыккан учак.

"Россия-1" телеканалы 5-декабрда жарыялагандай, жалпы улуттук онлайн-сурамжылоого катышкандардын көбү Москвадагы "Шереметьево" аба майданына XIX кылымдагы акын Александр Пушкиндин атын берүүнү жактаган.

Ал эми Москвадагы дагы бир ири "Домодедово" аэропортуна XVIII кылымдагы окумуштуу Михаил Ломоносовдун аты ыйгарыла турган болду.

Ошондой эле Воронеждин (Петр Биринчи), Краснодардын (Улуу Екатерина), Магадандын (акын Владимир Высоцкий), Минеральные Воды (XIX кылымдагы акын Михаил Лермонтов), Петропавловск-Камчатканын (даниялык окумуштуу Витус Беринг) аэропортторуна да жаңы ысымдар ыйгарылат.

Ноябрь айында "Орусиянын улуу ысымдары" долбоорунун алкагында өлкөнүн 47 аба бекетинин аталыштарын өзгөртүү демилгеси коомдук талкууга коюлган.

Долбоор мамлекеттик мекемелер менен катар Коомдук палата, Орус географиялык коому, Орусиянын аскердик-тарыхый биримдиги тарабынан иштелип чыккан. Демилгечилердин айтымында, долбоордун максаты - улуттук биримдикти жана мекенчилдикти көтөрүү.

XS
SM
MD
LG