Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын ракета сыноосун талкуулайт


Иран 2016-жылы ракета сынаган учур.
Иран 2016-жылы ракета сынаган учур.

Ирандын соңку ракеталык сыноосун Коопсуздук кеңеши бүгүн жабык эшик артында талкуулаганы жатат.

Батыш өлкөлөрү ушул дем алыш күндөрдөгү ракеталык сыноону Коопсуздук кеңешинин үч жыл мурдагы резолюциясын бузуу катары баалады. Маселен, Франция менен Британия Ирандын кадамын “чагымчыл, туруктуулукту бузуучу жана кооптуу” деп аташты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иран сынаган баллистикалык ракета бир нече дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин, ал Жакынкы Чыгыштын бүткүл аймагы менен Европанын бөлүктөрүнө жете алаарын билдирген.

АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук Тегерандын ракеталык программасынын “коркунучу күчөгөнүн” эске салып, Евробиримдик өлкөлөрүн ага каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырган.

Иран болсо ракеталык программасы “коргонуу гана максатын көздөйт жана өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү ракеталардын корун түзүүгө багытталган эмес" деп ырастады.

Батыш өлкөлөрү "Иран бузду" деген БУУнун Коопсуздук кеңешинин №2231 резолюциясы 2015-жылы көп тараптуу өзөктүк келишимдин алкагында кабыл алынган.

АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү бул келишимден чыкканын жарыялаганда ага Иран баллистикалык ракеталарды утур-утур сыноо, Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдөгү террордук топторду колдоо менен бул келишимдин "маңызын" бузуп жатканын жүйө келтирген. (UE)

XS
SM
MD
LG