Чүйдүн Беловодски айылындагы №16 түзөтүү колониясында иштеген кызматкер өзүн атып алып каза тапты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, окуя 30-ноябрда болгон.
21 жаштагы прапорщик курал сактоочу кампада өзүнүн табелдик куралы менен жанын кыйганы кабарланууда. Ал өзүн атардан мурда туугандарына кат жазып, кечирим сураган. Чогуу иштеген адамдарга ыраазычылык билдирген.
Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. (SE)