Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылгандардын 97 пайызын аялдар түзөт.
Бул тууралуу Бишкекте 30-ноябрда зомбулуктан коргонуу жана коргоого арналган тегерек үстөлдө айтылды. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, ар кандай изилдөө жана сурамжылоолор зордук-зомбулукка үй-бүлөдөгү аялуу катмар эсептелген балдар, аялдар, кары-картаңдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кабыларын аныктаган.
Иликтөө балдардын 30% үй-бүлөдө уруп-сабаларын, улгайган адамдардын 71% зомбулукка кабыларын көрсөткөн.
Ушул күндөрү Кыргызстанда кыз-келиндерге карата зомбулукту болтурбоого арналган 16 күндүк өнөктүк өтүп жатат. Анын алкагында ар кандай акциялар, талкуу, көргөзмөлөр уюштурулууда. (КЕ)