"Кызга 40 тыюу” аттуу жазуусу бар баракча шаардагы мектептердин дубалдарында илинген эмес. Ал жазуу №3 Жусупбек Бакиев атындагы мектепте социалдык педагогдун тарбиялык иштер саатындагы колдонмосу. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев билдирди.
- Ал жерде жазылгандар тууралуу мугалимдер тарбиялык сааттарда жана дин таануу сабагында окуучуларга айтып берет. Андан эч кандай коркунуч жараткан жазууларды таба алган жокпуз. Ал баракчалар “Кыргызстан – эл мүрөгү жана адеп-ахлах” маданий борбору тарабынан чыгарылган. Интернетте жазылып жаткан түрдүү пикирлер менен макул эмеспиз, - деди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев.
Буга чейин Интернетке жарыяланган жазуу кызуу талкуу жараткан. Укук коргоочулардын пикиринде, эреже түрүндө жазылган 40 пункттан турган тизмеде кыздардын укуктарын басмырлаган, гендердик теңдикти одоно бузган жазуулар да бар.
Тизмеге кыздар "жылаңбаш жүрбөйт", "кечкисин үйдөн чыкпайт", "эркектерге жанашпайт", "күйөөсүнүн тилинен чыкпайт" деген жазуулар менен кошо "чалкалап жатпайт", "бутун бутуна ашырып отурбайт" деген да эрежелер кирген. (RsK/KR)