Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Жогорку Кеңеш үч жылдын бюджетин чогуу карай турган болду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин депутаттары 2017-2018-жылдардын бюджетинин аткарылышынын отчетун жана 2019-жылдын бюджети тууралуу баяндаманы чогуу карай турган болду.

Регламент боюнча ар бир мыйзам долбоору өзүнчө каралышы керек экенин айткан депутат Садык Шер-Нияз бул жерде парламент мыйзам бузуу менен маселени добушка коюп жатканын билдирди:

- Кенжебек мырза чыгып, сизге пунктту толук окуп берди. Ар бир мыйзам толук талкууланып туруп кабыл алынышы керек. А бизде азыр бир адамга көнүмүш болуп баратат. Бир депутат чыгып сунуш киргизсе, а биз добуш менен колдоп койсок эле, ал мыйзамсыз болсо деле биз ошону кыла беребизби? Регламентти аттап кыла беребизби? Парламенттин добушу мыйзамдан жогору болуп кетеби?

Спикер ар бир мыйзам боюнча чечим өзүнчө добушка коюларын, фракция лидерлерине үч мүнөттөн убакыт берилерин айтты. (KR)

XS
SM
MD
LG