Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:36

ТИМ Кытайдагы кыргыздардын камалышы боюнча маалыматтарды текшерүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз улутундагы Кытай жарандарынын камалышы боюнча маалыматтарды текшерүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда министр Чыңгыз Айдарбеков парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Комитет бул маселени жабык карады. Депутат Таабалды Тиллаевдин "Азаттыкка" айтканы боюнча, Айдарбеков азырынча маалымат тактала элек экендигин билдирген.

- Кытай жабык мамлекет. Алар биздин туугандар болгон менен Кытайдын жарандары. Ошондуктан бул маселеге кылдат мамиле кылбасак ал жактагы кыргыздарга кыйынчылык жаратып алышыбыз мүмкүн, - деди Тиллаев.

Ушул күнгө чейин Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын төрт жараны Кытайдагы куугунтукталган туугандарын таап берүүгө жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина кабарлады.

Бүгүн парламенттин комитети жабык түрдө өткөн жыйында Кытайдын Шинжаң автономдук аймагындагы куугунтукталды делген кыргыздардын абалын талкуулады.​

Буга чейин Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн. 26-ноябрда жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу кабыл алып, жардам сураган.

Кайрылууда Кытайдагы кыргыздар Бээжин "саясий тарбиялоочу борбор" деп атаган лагерлерде бейкүнөө жана себепсиз кармалып, катуу кыйноого кабылып жатканы жазылган. (КЕ/KR)

XS
SM
MD
LG