Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:21

Ошто "Сары кол чатыр" аллеясы ачылды


"Сары кол чатыр" аллеясынын ачылышы.
"Сары кол чатыр" аллеясынын ачылышы.

Ош шаарында кыз-келиндерге зомбулук кылбоого чакырган "Сары кол чатыр" аллеясы ачылды. 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында атайын ажыратылган жерге сары түстөгү кол чатырлар илинди.

Бул аллея кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүүнү токтотууга арналат. Аны мэрия өкмөттүк эмес уюмдар менен кошо уюштурууда. Саамалык аялдардын укугун коргоо максатында жыл сайын ноябрда өткөрүлчү 16 күндүк өнөктүктүн алкагында жүргүзүлүп жатат.

"Дүйнөнү кызгылт-сары кылып, аял-мигранттардын укуктарын коргоо үчүн" деген ураан менен эл аралык 16 күндүк өнөктүк жыл сайын 26-ноябрдан 10-декабрга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG