Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:10

Британ армиясынын башчысы Орусияны айыптады


Британ армиясынын өкүлдөрү.
Британ армиясынын өкүлдөрү.

Британиянын Башкы штабынын башчысы Марк Карлтон-Смит “Орусия анын өлкөсүнүн улуттук коопсуздугуна “Ислам мамлекети” террордук тобуна караганда алда канча көбүрөөк коркунуч жаратууда” деп эсептейт.

The Daily Telegraph басылмасына курган алгачкы маегинде ал “Москванын Украинадагы агрессиясын, АКШ жана Европадагы шайлоолорго ыктымал кийлигишүүсүн, эл аралык киберчабуулдарды жана орусиялык эки агенттин мурдагы тыңчыны ууландырышын” санап өттү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги британиялык генералдын бул билдирүүсүн «фантазия» деп атоодо.

Мурдагы тыңчы Сергей Скрипал жана анын кызы “Новичок” химиялык заты менен Солсбери шаарында ууландырылгандан кийин ооруканада бир нече апта жатып чыгышкан. Британия жана анын өнөктөштөрү ууландыруунун артында турганы үчүн Орусия бийлигин күнөөлөгөн, Москва айыптоолорду четке каккан.

XS
SM
MD
LG