Жарылуу бүгүн Ооганстандын чыгышындагы Хост провинциясында, аскердик базанын ичиндеги мечитте, жума намаз учурунда болгон. Андан кеминде 26 кишинин өмүрү кыйылып, дагы 50дөй адам жарадар болду.
Хост провинциясынын өкмөт өкүлү Абдел Ахмад Зия билдиргендей, курмандыктардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.
Жарылуу кандайча болгону, аны ким кылганы азырынча беймаалым. Кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек.
“Талибан” кыймылы буга чейин диний жайлардагы кол салууларды айыптап келген. Ооганстандын Хост провинциясында “Талибанга” байланышы бар “Хаккани” кыймылынын аракети күч. (UE)