Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:06

"Балдарга кол көтөрдү" деген тарбиячыга кылмыш иши козголду


Кыргызстандагы бала бакчалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы бала бакчалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарындагы №21 бакчадагы балдарга кол көтөргөнү видеого түшкөн 29 жаштагы тарбиячыга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Анын айтымында, ата-энелердин даттануусунун негизинде "Денеге залал келтирүү" фактысы ички иштер органында катталып, бала бакчада иштеген тарбиячынын өздүгү такталды. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси менен ("Жашы жетпегендерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо") кылмыш иши козголду. "Учурда тергөө кызматы териштирүү иштерин жүргүзүп жатат", - деди Турдубеков.

Буга чейин бала бакчада белгисиз аял балдарды кагып-силкип, чапкылап атканы тартылган видео Интернетке тараган. Окуя Жалал-Абаддагы бакчалардын биринде бир нече күн мурда болгону айтылган. Мындан кийин Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгы видеодогу тарбиячыны, аны видеого тарткан тарбиячынын жардамчысын иштен алган. Ал эми бала бакчанын жетекчиси болсо териштирүү иштери аяктаганга чейин убактылуу жумушунан четтетилди. Тарбиячы өзү болсо айрым маалымат каражаттарына анонимдүү маек куруп, видео монтаждалганын билдирген. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG