Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:40

Аскарбек Шадиевдин сотунда күбөлөр суралды


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Өлкөдөн качып кеткен экс-депутат, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи отурум 5-ноябрда болгон эле. Буга чейин Шадиевге байланыштуу иш тергелип бүтүп, сотко өткөнүн Башкы прокуратура кабарлаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрда Шадиевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга парламенттеги "Бир Бол" фракциясы жазган арыз негиз болгонун БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 5-ноябрдагы брифингде билдирип, Шадиевдин фракцияга жазган арызынын нускасын көрсөткөн. Ага Шадиевдин колу коюлган. Шадиев болсо өзү кийин билдирүү таратып, өз каалоосу менен арыз жазганын четке каккан.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон. Андан соң "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренеси боюнча да айып тагылган. Шадиевге издөө жарыяланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG