Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Украин соту Януковичке акыркы сөздү ооруканадан айтышына уруксат берди


Виктор Янукович Москвадагы басма сөз жыйынында. 2-март, 2018-жыл.
Виктор Янукович Москвадагы басма сөз жыйынында. 2-март, 2018-жыл.

Бул тууралуу Киевдин сотунан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Настоящее время” телеканалынын кабарчысы билдирди.

Виктор Януковичтин иши боюнча кийинки соттук олтурум 5-декабрга белгиленди. Мурдагы украин президенти ооруп жатканына байланыштуу бүгүнкү олтурум болгон жок.

2014-жылдан бери Орусияда жашаган Янукович сот жараянына сырттан, видеобайланыш аркылуу катышып келет.

Анын адвокаты Александр Горошинский билдиргендей, Янукович белин жана тизесин кокустатып алып, 16-ноябрда ооруканага жаткырылган. Орус басылмалары мурдагы украин президенти теннис ойноп жатып, жараат алганын жазышты.

Янукович 2014-жылдын февраль айында "Евромайдан" окуяларынан улам Орусияга качкан. Анын бийликтен кетишинен көп өтпөй Орусия Крым жарым аралын аннексиялаган жана Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер менен украин күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу башталган.

Янукович өзү эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.

Украинанын Башкы прокуратурасы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыкынчылык” беренеси менен айып таккан жана мурдагы президентти он беш жылга абакка кесүүнү суранган. (UE)

XS
SM
MD
LG