17-ноябрда Бишкек мэриясынын жетекчилиги автобустар базасын текшерип чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын автобазасындагы 2008-2010-жылдары алынган автобустардын дээрлик көпчүлүгү жарактан чыккан. Алардын айрымдарын гана оңдоого болот. Жакында мэрия автобус сатып алыш үчүн тендер жарыялайт. Ал үчүн бюджеттен 382 млн. сом бөлүнгөн.
Газ менен жүрүүчү автобустун баасы орто эсеп менен алганда 110-140 миң доллар болору айтылган. Баа маселеси тендерде аныкталат. Учурда 150 автобус иштеп жатат, 125и оңдолууда. Бишкек шаарын толук камсыз кылыш үчүн 800дөй автобус талап кылынат. (TSh)