Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 75-76-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) кар көчкү толук тазаланып, жол кайра ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
13-ноябрда эртең менен тынымсыз жааган кардын кесепетинен улам аталган тилкеде көлөмү болжол менен 6000 куб метр кар көчкү түшүп, жолду бөгөп калган.
Кар көчкү оор жүк ташуучу автоунаанын четине тийген, бирок аны басып калган эмес. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Жабылган тилкеден 15тей автоунаа өтө албай туруп калган. Учурда кыймыл кайра жанданды.
Көчкүнү тазалаш үчүн ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана Кара-Кулжа районундагы №26 жол тейлөө башкармалыгынын бир жүктөгүч, бир грейдер, бир манипулятор тартылды. (ErN)