Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

Евробиримдик: Түркиянын уюмга кириши реалдуу эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигинин уюмду кеңейтүү маселеси боюнча комиссары Йоханнес Хан келечекте Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушу "реалдуу эмес" деп эсептейт.

Германиялык "Die Welt" басылмасына курган маегинде Йоханнес Хан учурда түрк бийлиги менен бул багыттагы сүйлөшүүлөр токтоп турганын билдирди.

Маалыматка караганда, "Анкара автократиялык багытка бет алууда" деген пикирлерден улам бир катар мамлекеттер, анын ичинде Франция жана Австрия Түркиянын биримдикке киришине каршы болуп жатышат.

Түркиянын Евробиримдикке кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2005-жылы башталган.

XS
SM
MD
LG